Эбола Америка Кошмо Штаттарында да катталды
Америкалык жарандын эбола оорусуна чалдыкканы билдирилди.
Техас штатынын Даллас шаарында ооруканага жаткырылган бир кишинин эболуна вирусун жугузуп алганы аныкталды.
Америка Кошмо Штаттарынын Оорулардын жайылуусун алдын алуу жана чара көрүү борбору өлкөдө алгачкы эбола оорусунун катталганын билдирди.
Билдирүүдө дарыланып жаткан америкалыктын бул вируска кабылганы маалымдалды.
Бир тараптан президент Барак Обама Оорулардын жайылуусун алдын алуу жана чара көрүү борборунун директору др. Том Фриден менен шашылыш жолугушса, өлкөнүн жалпысында ооруканалар жана медициналык пунктары эбола вирусу менен күрөшүү боюнча даярдык көрө башташты.
Алгач 6 ай мурда Гвинеяда катталган эбола вирусу Батыш Африкада ушул күнгө чейин 3 миңден ашуун кишинин каза болушуна себепчи болду.
Батыш Африкада 2015-жылдын январь айына чейин 1 миллион 400 кишинин эболадан таасир ала турганы божомолдонууда
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.