АКШ баштаган коалиция күчтөрү ИШИМди бомбалоосун улантууда

Коалиция күчтөрү, мурдагы күнү да ошол эле аймакта ИШИМдин штабын бомбалаган.

143442
АКШ баштаган коалиция күчтөрү ИШИМди бомбалоосун улантууда

АКШ баштаган коалиция күчтөрү террор уюму ИШИМдин Сириянын Ракка шаарындагы штабын бомбалады.
Сириянын Жергиликтүү координация комитетинин жооптууларынан алынган маалыматка ылайык, коалиция күчтөрү Ракка шаарында ИШИМдин штабына карай абадан кол салуу уюштуруду. Ратлех жана Тель-Абид аймактарындагы ИШИМ штабдары бомбаланганы билдирилди.
Коалиция күчтөрү, мурдагы күнү да ошол эле аймакта ИШИМдин штабын бомбалаган.
Бул учурда Сириянын Жергиликтүү координация комитетинин жооптуулары, ИШИМдин бомбаланган жерлерин тартууга аркет кылып жаткан 4 кишини кармагандарын жарыялады.
АКШнын согуштук учактары кечээ Тикрит шаарынын жакынындагы Аль-Авжа айылында ИШИМдин буталары деп ойлоп ирактык аскерлерди атып алган.
Анда 70 аскер каза тапкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар