АКШ менен Орусия бири бирин БУУда күнөөлөдү

Сергей Лавров АКШнын вето күнөөлөөсүнө өлкөсүндө катышкан бир телекөрсөтүү программасында жооп берди.

142598
АКШ менен Орусия  бири бирин БУУда күнөөлөдү

АКШнын : «Орусия вето жоопкерчилигин жаңылыш колдонууда»,- деген күнөөлөөсүнө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтон башкаруусунун вето жоопкерчилигин башка мүчөлөргө караганда эки эсе көп колдонгонун айтты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын вето күнөөлөөсүнө өлкөсүндө катышкан бир телекөрсөтүү программасында жооп берди.
«АКШ башка өлкөлөрдүн эки эседен көп вето колонду»,- деген Лавров Жакынкы Чыгыш тынчтык процесстери жана Палестина тууралуу чыгарылган чечимдерге добуш учурунда болгондорду эске салды. «Вето укугу өзгөчөлүк да эмес, энтузиазм да эмес»,- деген Лавров өлкөсүнүн АКШ менен карым – катнаштарын жаңылоого муктаждыгынын бар экенин айтты.
БУУда вето укугу бир гана Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү Кытай, Франция, Орусия, Англия жана АКШ тарабынан колдонула алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар