Мунай зат тазалоочу ишкана бомбаланды

ИШИМдин көзөмөлүндөгү мунай зат аймактары бутага алынды.

137585
Мунай зат тазалоочу ишкана бомбаланды


ИШИМге каршы түзүлгөн АКШнын жетекчилигиндеги эл аралык коалициянын операциялары уланууда.
Коалицияга мүчө өлкөлөргө таандык согуштук учактар бул жолу Сирия жана Иракта ИШИМдин көзөмөлүндөгү мунай зат аймактарын бутага алышты.
Американын Коргоо министрлигинин катчысы Жон Кибри операциялар тууралуу маалымат берди.
Кирби бомбаланган жердин чалгындоо иштеринин негизинде белгиленгенин баяндады.
Америка армиясы араб өнөктөштөрү менен Сириядагы ИШИМ буталарына карай операцияларын улантып жатканын белгилеген Кирби, ушул себептен көп маалымат бере албай тургандарын сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар