Чет элдик согушкерлер менен күрөшүү боюнча токтом долбоору
БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган токтом долбоору баш ийдирүүчү болгондуктан бардык өлкөлөр буга баш ийиши керек.
«Чет элдик согушкерлер менен күрөшүү» боюнча токтом долбоору кабыл алынды.
АКШнын президенти Барак Обаманын жетекчилигиндеги БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынында, ИШИМ жана ушуга окшогон уюмдар көбөйүп эл аралык коопсуздук жана тынчтыкка коркунуч туудуруп жатканы каралды.
Жыйында чет элдик террорист согушкерлер менен күрөшүү үчүн сунушталган токтом долбоору бир добуштан кабыл алынды.
Токтом долбоору аркылуу бул топторго шерик жана курал-жарак чогултулушуна, акча каражаттары менен камсыздалышына бөгөт коюу менен катар террордук уюмдарга кошулгусу келгендердин баш аламандуу өлкөлөргө саякат кылууларына бөгөт болуу максатталууда.
БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган токтом долбоору баш ийдирүүчү болгондуктан бардык өлкөлөр буга баш ийиши керек.
Буга баш ийбеген учурунда Коопсуздук кеңеши ал өлкөлөргө экономикалык санкция киргизүүгө жана күч колдонууга укуктуу болот.
Бул учурда токтом долбоорунун алкагында АКШ кээ бир кишилерди жана уюштуруучуларды ИШИМ, Нусра фронту, Аль-Каида жана Жамаат Исламияга жардам бергендери үчүн террористердин тизмесине киргизди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.