Керри Махмуд Аббас менен жолукту

Жолугушууда Газадагы кырдаал каралды.

136164
Керри Махмуд Аббас менен жолукту


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары убагында Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жолукту.
АКШнын мамлекеттик катчылыгынын бир жооптуусунун айтымына караганда, Керри-Аббас жолугушуусунда Газадагы кырдаал каралды.
Жолугушууда Газа калкы үчүн шашылыш гуманитардык жардамдардын көрсөтүлүшү жана маселеге туруктуу чечим табылуусунун маанилүү экени боюнча бирдей пикирге келишти.
Керри жолугушууда АКШнын эки мамлекеттүү чечим табууну колдой турганын жана тараптардын келечекке карай план боюнча макулдашкан учурунда сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүүнү каалап жатканын кайталады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар