АКШнын Ирак жана Сириядагы операциялары уланууда

Пентагон Хорасан тобунун АКШ же Европага карай чоң торрордук кол салуунун акыркы баскычына жетип калганын билдирди.

136259
АКШнын Ирак жана Сириядагы операциялары уланууда

Америка Кошмо Штаттары Сирияда Ирак-Шам ислам мамлекети уюму (ИШИМ) менен кошо Аль-Каидага караштуу Хорасан тобун да бомбалаганын жарыялады.
Пентагон Хорасан тобунун АКШ же Европага карай чоң торрордук кол салуунун акыркы баскычына жетип калганын билдирди.
Пентагон тарабынан жарыяланган маалыматка ылайык Хорасан тобунун Халебге жакын жердеги буталарына АКШнын гана учактары катышкан 8 жолу абадан бомбалоо уюштурулду. Ракка жана Ирак чек арасына жакын аймактарда ИШИМге таандык штабдар атылды.
Кол салууга колдоо көрсөткөн 5 араб өлкөсүнүн абадан чалгындоо жүргүзгөндөрүн же бомбалоого катышкандарын белгилеген Пентагон, бомбалоолордун көбүнүн Американын согуштук учактары менен жүргүзүлгөнүн билдирди.
Анда бул чабуулдун башталгыч болгону баса белгиленди.
Бомбалоолордо Хорасандан 50, ИШИМден 70 террористтин каза болгонун алдыга койгон сириялык оппозициячылдар бомбалоолор болгон убакта 3ү баладан турган 8 жарандын да каза болгонун белгиледи.
Американын элчисинин Сириянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлүнө бомбалоодон мурда маалымат бергени ортого чыгышынан кийин, Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад да эл аралык коалициянын терроризм менен күрөшүүсүн колдоого алганын айтты.
Американын президенти Барак Обама ИШИМге каршы күрөшүүнүн көпкө созула турганын жана ИШИМди соңуна чыгара тургандарын белгиледи.
ИШИМдин буталарын атууга жардамчы болгондору үчүн Араб өлкөлөрүнө ырахматын атйкан Обама, бомбалоолорго Араб өлкөлөрүнүн да катышуусунун Американын согушта жалгыз эместигин көрсөткөнүн белгиледи.
Америка Кошмо Штаттары Ирактагы ИШИМ буталарын аткылоосун улантууда.
Ирактын Коргоо министрлиги өлкөнүн батышында Сирия чек арасына жакын жерде болгон бомбалоолордо ондогон ИШИМ террористи өлтүрүлгөнүн жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар