Сенат Обаманын ИШИМ боюнча планын бекитти

Обаманын ИШИМге каршы Сириядагы оппозициячыларды куралдандыруу жана машыктыруу планын эл өкүлдөр палатасынан кийин Сенат бекитти.

131933
Сенат  Обаманын ИШИМ боюнча планын  бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманын ИШИМге каршы Сириядагы оппозициячыларды куралдандыруу жана машыктыруу планын эл өкүлдөр палатасынан кийин Сенат бекитти.
22 каршы 78 макул добуш менен өткөн бул планга Обама кол койгондон кийин ал күчүнө кирет.
Обама Конгресстин бул кадамы дүйнөгө Американын ИШИМ менен күрөшүүдө бирдиктүү экендигин көрсөтөөрүн белгилеп, «Эгерде атуулдарыбызга зыян тийгизсеңиз, Американы коркутсаңыз, шериктештерибизге зыян тийгизсеңиз, бул бизди ажыратпайт, тескерсинче кайра бириктирет»,-деп айтты.
АКШнын президенти коалициянын алкагында Ирак күчтөрүнө колдоо көрсөтүү, гуманитардык жардамдар жана башка маселелер боюнча Араб өлкөлөрү менен катар 40тан ашуун өлкө өз жардамдарын сунуш кылганын жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар