БУУнун тынчтык күчү аскерлери

Тынчтык күчү аскерлеринин орду алаштырылды

128175
БУУнун тынчтык күчү аскерлери

Сирия менен Израилдин ортосундагы ок атууну токтотууну байкоого алган Голан дөңсөөлөрүндөгү БУУнун тынчтык күчү аскерлеринин орду алмашты. БУУнун башкы катчылыгынан алынган маалыматка караганда Голан дөңсөөлөрүнүн  жакындарында Сирия армиясы менен оппозициячылдардын ортосунда болгон кагылышуулар БУУнун кызматкеринин кызмат кылуусун кыйындатууда. Сириядагы граждандык согуштун башынан бери UNDOF кызматкеринин башынан өткөргөн кыйынчылыктарга август айынын акырында качырылган жана өткөн жумада эркин койо берилген 45 фижилик аскерлердин  кошулуусу менен БУУмун орун которууга түрттү. 

Буга караганда чек аранын Сирия тарабынан табылган 4 жер жана бир лагердеги аскерлердин ордулары алмаштырылууда. Бирок бул жерлерден чыга турган аскерлердин кайда жайгаштырыларына байланыштуу азырынча маалымат берилген. жок. Аймакта 1974 - жылдан бери кызмат кылган  UNDOFтун ичинде 1200гө жакын аскер жана 150дөн ашуун жарандык персонел бар. Бөлүктөрдө Фижи, Индия, Ирландия, Непал, Голландия жана Филиппиндердин аскерлери кызмат кылууда. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар