АКШ БУУну кезексиз жыйынга чакырды

Эбола эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурушу мүмкүн.

127425
АКШ БУУну кезексиз жыйынга чакырды

Америка Кошмо Штаттары Батыш жана Борбордук Африкада эболанын божомолдонгондон дагы көп кишинин каза болушуна себепчи болоору ыктымалдуулугу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешин бейшемби күнүнө кезексиз жыйынга чакырды.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин сентябрь айынын кезектешкен төрагалыгын жүргүзгөн АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэр журналисттерге берген маегинде, Батыш жана Борбордук Африкадагы эбола коркунучунун себебинен БУУнун Коопсуздук кеңешин 18-сентябрга кезексиз жыйынга чакыргандарын айтты.
«Эбола ушул учурдагы божомолдоолордон дагы көп кишинин каза болушуна себепчи болушу мүмкүн»,-деген Пауэр бул абалдын Батыш Африка өлкөлөрүнө чоң таасирин тийгизе турганын баяндады. БУУда милдети эл аралык тынчтык жана коопсуздукту камсыздоо болгон БУУнун коопсуздук кеңеши саламаттык сактоо маселесин шашылыш түрдө күн тартибине коюшу, бул оорунун эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурушу мүмкүн деген сереп салууларга себепчи болду.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда эбола оорусунун себебинен февраль айынан бери 2 миң 400 киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар