Орусия билдирүү жасады

Орусия Украинанын чыгышында аскерлеринин бар экенине байланыштуу айтылгандарды четке какты

123540
Орусия билдирүү жасады


Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Александр Лукашевич бир канча убакыттан бери НАТО, Европа Биримдиги жана Украина тарабынан айтылып келген Украинада орус аскерлерлеринин бар экенине байланыштуу айтылгандарды четке какты.
Лукашевич чет мамлекеттерден келген жалданма аскерлердин Украина армиясында орус жактоочуларына каршы согушканын айтты. Лукашевич : «Эч ким Украина армиясында согушкан чет элдик жалданма аскерлери тууралуу сөз айтпай жатат. Бул маселе сөз болгондо эч кимдин оюна эл аралык укук келбейт»,- деди.
Лукашевич : «Тынчтык менен маселени чечүү үчүн тараптардын арасындагы сүйлөшүүлөр улантылуусу керек»,- деди.
Аймакта Украина армиясы менен Орусия жактоочуларынын арасында апрель айынын ортосунан бери болуп жаткан кагылышууларда 3 миңге жакын киши каза болуп, он миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар