Европа Биримдиги Орусияга санкция киргизет

Санкция тизмесине кошулгандардын арасында Газпром Нефт, Роснефт сыяктуу Орусиянын алдыңкы мунай зат фирмалары да орун алат.

118545
Европа Биримдиги Орусияга санкция киргизет

Жаңы санкциялар кечки сааттарга чейин мүчө өлкөлөрдөн бири каршы чыкпаса, Европа Биримдигинин расмий гезитинде жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Европа Биримдигине жакын дипломатиялык булактардын берген маалыматына ылайык санкция тизмесине кошумчаланган фирмалардын арасында мунай зат чыгарган же саткан ири орус мамлекеттик фирмалары жана банктары да бар.
Жаратылыш газ секторунда иштеген фирмалар болсо тизмеде орун алган жок.
Санкция тизмесинде орун алган фирмалар, мындан ары Европа Биримдигинде иштей албайт, насыя ала албайт.
Фирмалардын жалпы сатуусу 27 миллиард долларга жетти.
Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпей, Украинадагы ок атпоонун туруктуу болгон учурунда Орусияга киргизилген санкциялардын жоюла ала турганын айткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар