Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун эскертүүсү

Эболага чалдыккандардын саны өсүп баратат.

119254
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун эскертүүсү

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму: «3 жуманын ичинде Либерияда миңдеген киши эбола оорусуна чалдыгышы мүмкүн»,-деп эскертти.
Уюмдун эбола оорусуна байланыштуу билдирүүсүндө, өлкөдө эболага чалдыккандардын саны өсүүдө.
Оорунун жайылышын алдын алуу үчүн колдонулган салттык ыкмалардын жетиштүү таасир бербегени айтылууда.
Либериянын 15 аймагынын он төртүндө эбола оорусуна кездешилсе, орто эсеп менен 2 миң киши бул ооруну жугузуп алганы жана миңдеген кишинин каза болгону белгиленди.
Ооруканаларга кабыл алынбаган оорулуулар үйлөрүнө кайтууга аргасыз болгондору жана алар вирусту жакындарына жугузушу мүмкүн экенине тынчсызданууда.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Либерияда 3 жуманын ичинде миңдеген кишинин эболага чалдыгышы мүмкүн экенин билдирди.
Батыш Африкадагы Гвинея, Либерия, Сьерра-Леоне жана Нигеряда эбола оорусунун себебинен кеминде 2 миң 100 кишинин каза тапканы билдирилди.
Кандайдыр бир далилденген вакцина же дары-дармек табылбаган эбола үчүн эксперименталдуу дарылоо ыкмасы колдонулууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар