Далай Ламага виза берилген жок

Түштүк Африка Далай Ламанын виза кайрылууларын четке какты.

114257
Далай Ламага виза берилген жок


Тибеттин диний лидери Далай Лама 14-Дүйнөлүк Нобель тынчтык сыйлыгынын ээлеринин саммитине катышуу үчүн келээрки айда бара турган Түштүк Африкадан виза ала алган жок. 
Далай Ламанын катчысы Түштүк Африканын Эл аралык байланыштар жана кызматташтык министрлигинин жооптууларынан виза талаптарынын четке кагылгандыгы тууралуу маалымат алгандарын айтты.
Түштүк Африка мурдагы жылдарда да Далай Ламанын виза кайрылууларын четке каккан болчу.
Тибетке дагы кеңири автономия таанылышы үчүн күрөшкөн жана 1959-жылдан бери сүргүндө жүргөн Далай Лама Кытай тарабынан жикчил катары кабыл алынууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар