Украина – Орусия араздашуусу согушка карай баратат

Украинанын коргоо министри Орусия менен чоң согуш чыгат деген эскертүү жасады

111421
Украина – Орусия араздашуусу согушка карай баратат

 Орусиянын Украинадагы жактоочуларына берген колдоого карата каршы чыгуулар күчөп баратат. Акыркы болуп Австралия Орусияга аскердик экспортту токтотту, Орус мамлекеттик банктарынын капитал базарларына кирбеши сыяктуу санкция чечимдерин чыгарды.
Санкция коркутууларына кулак салбаган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо : «Украинадагы тектештерибизди жана экономикабызды коргоп калуу үчүн эмне керек болсо аткарабыз»,- деди.
Азак деңизинде күзөттө жүргөн Украина жээк коопсуздук паромуна кол салуу жасалды. Кол салууда пулемет менен аткылоо болгону, бирок октун Орусия тарабынан же Украина тарабынан келгени аныктала албаганы белгиленди. Луганцк аэропортунда болсо орус армиясы менен Украина бөлүктөрү бетме – бет келди. Кагылышуудан кийин Украина аскерлерине артка чегинүү буйругу берилди. Ошол эле учурда кыш айларынын жакындоосу менен бирге Батыш менен Орусиянын ортосунда чыга турган жаратылыш газ кризисинин Украина маселесине кандай таасир берери да кызыгуу жаратууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар