Пешмергелерге курал-жарак жардамы көрсөтүлөт

Ирактын түндүгүндөгү пешмерге күчтөрү курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздалат.

105362
Пешмергелерге курал-жарак жардамы көрсөтүлөт


АКШнын коргоо министри Чак Хейгл АКШ менен Ирак өкмөтүнүн колдоосуна кошумча түрдө дагы 7 өлкөнүн Ирактын түндүгүндөгү пешмерге күчтөрүн шашылыш керек болуп жаткан курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздоого убада бергендерин билдирди.
Хейгл 7 өлкөнү Албания, Канада, Хорватия, Дания, Италия, Франция жана Англия деп тизмеледи.
Күрттөргө курал-жарак жана техника жагынан колдоо көрсөтүү үчүн операциялардын башталганын жана келээрки күндөрдө дагы көп өлкөнүн кошула турганы күтүүсү менен мунун андан да ылдамдай турганын баяндаган Хейгл, бул өлкөлөрдүн ар бирине АКШ армиясы менен чогуу иш алпарып жаткандары үчүн ырахмат айтканын билдирди.
Хейгл: «Ирак калкы жана эл аралык жамааттын «Ислам мамлекети» тобу жараткан коркунучка каршы күрөшүү чечкиндүүлүгү дагы да артууда жана АКШ ушул аракетке жардамчы болуу үчүн дүйнөнүн жалпысындагы досторубуз менен чогуу иш жүргүзүүнү каалоодо»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар