Орусия Эгейден сүт азыктарын экспорттоп алат
Орусия менен соода сатыкта болгон өнүгүүлөр оливка жана оливка майы секторуна да чагылуусу күтүлүүдө.
Европа Биримдиги жана АКШдан азык – түлүк алууну токтоткон Орусия Түркияга карай багыт алды. Биринчи жолу 3 түрк фирмасы Орусияга сүт жана сүт азыктарын экспорттоону бекитти. Эгей аймагынан бул өлкөгө жасала турган 120 миллион долларлык экспорттун эки эсеге чыгуусу күтүлүүдө. Орусия Украина кризисинен улам Европа Биримдиги өлкөлөрү менен АКШдан азык – түлүк алууну токтотту. Орусиянын чечими Түркияда азык – түлүк секторун активдүү кыймылга келтирди.
Өткөн жылы канаттуулардын этине болгон муктаждыгын Эгей аймагынан камсыз кылган Орусия сүт азыктары үчүн дагы Эгейди тандады.
Орусияга экспорт кыла турган фирмалардын санында өсүүнүн болушу күтүлүүдө. Биринчи товар өткөрүү сентябрь айында ишке ашары болжолдолууда. Орусия менен соода сатыкта болгон өнүгүүлөр оливка жана оливка майы секторуна да чагылуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.