Минсктеги Украина саммити аяктады

Саммитте чыңалуунун басаңдатылышы жана туткундардын кое берилиши керектиги боюнча макулдашылды.

105481
 Минсктеги Украина саммити аяктады


Украинадагы кризиске баа берилген жыйналышта, Украина менен Орусиянын кризистин чечилиши темасында ар башка көз карашка ээ болгондугу, бирок чыңалуунун басаңдатылышы жана туткундардын кое берилиши керектиги боюнча макулдашылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Петр Порошенко Казактсандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Европа Биримдигинин өкүлдөрү катышкан жыйналшышта, тараптар Украинадагы чыңалуунун басаңдашы жана туткундардын эркин кое берилиши керектиги боюнча макулдашышты.
Украинанын президенти Поршонко жолугушуучу топту түзүп сүйлөшүүлөрүн Беларустун борбор шаары Минскте улантуу пикирин кабыл алды.
Украина саммитинин аякташынан кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Петр Поршенко өз алдынча жолугушуу өткөрдү.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар