Израиль кайрадан Газага бомба жаадырууда

Израилдин акыркы кол салууларында бир эле үй-бүлөдөн кеминде 7 кишинин каза тапканы билдирилди.

97121
Израиль кайрадан Газага бомба жаадырууда

Ок атпоонун бузулушунан кийин Израиль Газага бомба жаадырууда...
Израилдин акыркы кол салууларында бир эле үй-бүлөдөн кеминде 7 кишинин каза тапканы билдирилди...
Каза болгондордун биринин кош бойлуу аял, үчөөнүн болсо бала экендиги жарыяланды.
Ушундайча Израилдин ок атпоонун бузулушунан кийинки кол салууларында каза болгондордун саны 9га, жаракат алгандардын саны 61ге жетти.
Египеттин борбор шаары Каирде Палестина жана Израиль тарабынын ортосунда туруктуу ок атпоонун камсыздалышы сүйлөшүлүп жатканда, Газадан ракета атылганы шыйлтоосу менен кечээ кечинде Израиль кайрадан кол салуусун баштады.
Ок атпоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтотулганы боюнча, Египеттеги сүйлөшүүлөргө катышкан Палестина делегациясы да Каирден кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар