Эбола ылдам түрдө жайылып баратат

Бул вирустун себебинен Батыш Африкада 1 миң 229 киши каза болду.

96769
Эбола ылдам түрдө жайылып баратат

Батыш Африкада 1 миң 229 кишинин каза болушуна себепчи болгон эбола ылдам түрдө жайылып баратат.
Либерияда эбола вирусун жугузуп алгандыгы шек саноосу менен карантинге алынгандар жашаган борбордон качып кеткен 17 киши табылды. Ал борборго куралчан топтор кирип барышкан.
Оорулуулар кайрадан карантинага алынып, дарылоо үчүн иш-чаралары улантылууда.
Бул вирус Африкада эле эмес башка өлкөлөргө да коркунуч туудурууда.
Германиянын борбор шаары Берлинде эбола вирусун жугузуп алган бир аял ооруканага жаткырылды.
Африка өлкөлөрүнөн Хорватияга саякат кылган 18 кишинин да чара көрүү максатында үч жума бою текшерүү астында боло турганы бидирилди.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму кандайдыр бир далилденген дарылоо ыкмасынын жок экенин, бир өсүмдүктүн жугуштуу ооруга каршы коргоодо үмүт болушу мүмкүн экенин ортого салды.
Эболага чалдыккан 3 доктурдун ушул өсүмдүк менен жасалган дары-дармектер менен дарыланып жаткандары жана оорулуулардын ылдам түрдө айыгып бараткандары байкалды.
Бирок АКШнын Калифорния штатындагы бир лабораторияда аз өлчөмдө жасалгандыктан дары түгөнөйүн деп калды. Айрыкча дарынын терс таасирлери болуп же болбогондугу азырынча белгисиз.
Бул өлтүрүүчү вирустун себебинен Батыш Африкада акыркы төрт айда 1 миң 229 киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар