Иракта ИШИМ менен күрөш уланууда

Ирак-Шам Ислам мамлекети тобу (ИШИМ) террористтеринин Түндүк Ирактагы чабуулуна бөгөт коюлду.

96263
Иракта ИШИМ менен күрөш уланууда

Ирак-Шам Ислам мамлекети тобу (ИШИМ) террористтеринин Түндүк Ирактагы чабуулуна бөгөт коюлду, Мусул суу сактагычы кайтарылып алынды.
Бул маалыматтарды АКШнын президенти Барак Обама маалымат жыйынында айтты.
Обама айрыкча күрт жана Ирак күчтөрүнүн бул процессте бирге иштешкендерине көңүл буруп мунун алдыга карай туура ташталган чоң кадам болгонун баса белгиледи.
Ак үйдө маалымат жыйынын өткөргөн Обама, ИШИМ менен күрөшүүдө Америка күчтөрүнүн колдоосу менен Мусул суу сактагычынын текшерүүсүнүн Ирак күчтөрүнө өткөнүн, абадан бомбалоолор менен да ИШИМ террористтеринин Түндүк Иракта илгерилеши токтотулганын түшүндүрдү.
ИШИМ менен күрөшүүдө айрым кыйынчылыктар болгонуна көңүл бурган Американын президенти, бул процесс көпкө созула турганын бирок көздөлгөн күнгө чейин аскерлер ал жерде боло турганын билдирди.
Ирак калкына карай жардамдарды да сөз кылган Обама, Англия, Канада, Франция, Италия жана Австралия менен бирге азык түлүк жардамынын улана турганын маалымдады.
Жаңы өкмөттүк иш-чаралардын өлкөнүн келечегин түптөөдө зор салымы боло турганын айткан Обама, Абадинин жетекчилигинде ташталган кадамдарды мактап, бул процесстин ылдамдытлышы керектигине токтолду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар