Иракта чатыр шаарчаларга жайгаштыруу башталды

Захо районунун жакынында 10 миң киши бата турган 200 гектардык аянтка салынган убактылуу тосуп алуу лагери чатыр шаарчага айландырылды.

94939
Иракта чатыр шаарчаларга жайгаштыруу башталды


Иракта Ирак-Шам Ислам мамлекети уюму (ИШИМ) кол салып кыргынга учураткан Синжардан качкан миңдеген кишинин баш калкалоосу үчүн БУУ, Түндүк Ирак Күрт башкаруучулугу жана Түркиянын Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (АФАД) колдоосу менен курулган чатыр шаарчалар тейлөөсүн баштады.
Захо районунун жакынындагы Дерабун айылында тосуп алуу борбору катары пландалган 10 миң киши бата турган 200 гектардык аянтка салынган убактылуу тосуп алуу лагери чатыр шаарчага айландырылды. Ханке аймагында курулган чатыр шаарчага болсо ИШИМден качкандар алына баштаса, буга окшогон ар башка жерлерде муктаждыктарды камсыздоо үчүн дагы 4 чатыр шаарча курулат.
Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссардыгынын эл аралык укук кеңешчиси Эрдоган Калкан мындай тыгыз көчүүгө карата Аймактык Күрт башкаруусунун жана БУУнун жетиштүү болбой турганын белгилеп, эл аралык мекемелердин жана өлкөлөрдүн жардам берүүлөрү керектигин айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар