Украинадагы акыркы абал

Орусия,Украина, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери маселеге чечим табуу үчүн Берлинде жолугушууда.

93999
Украинадагы акыркы абал

Украинанын Луганск областында орусиячылдар Миг-29 моделиндеги согуштук учакты атып түшүрүштү.
Учкуч секирип кеткенден кийин изделип жатып табылганы билдирилди.
Украина армиясынын да Луганскта бир полициялык борборду көзөмөлгө алганы маалымдалды.
Орусия,Украина, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери маселеге чечим табуу үчүн Берлинде жолугушууда.
Жыйналыштын алдында жазуу түрүндө жарыя салган Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер тез арада саясий процессти жандандыра турган таасирге муктаждык бар экендигин белгилеп өттү.
Бул учурда Орусиянын талаш туудурган жардам жүк унааларынын бир бөлүмүнүн Украина чек арасына илгерилөөсүнө уруксат берилгени билдирилди.
Жардам конвою Эл аралык Кызыл крест уюмунун карамагында Орусиядан Украинага өткөрүлөт.
Ал эми уюм кагылышып жаткан тараптардан дагы эле кепилдик алына электигин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар