Пан Ги Мундун Ирак тууралуу жарыясы

Пан Ги Мун Ирак армиясынын саясатка аралашуунун ордуна түндүктөгү баш аламандыкты жоюшу керектигин айтты.

89937
Пан Ги Мундун Ирак тууралуу жарыясы

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ирак армиясынын саясатка аралашуунун ордуна түндүктөгү баш аламандыкты жоюшу керектигин айтты.
Баш катчы Иракта саясий чыңалуунун жана түндүктөгү Ирак-Шам Ислам мамлекети уюмунун (ИШИМ) коркунучунун өлкөнү дагы терең кризиске түртө турганын белгиледи.
Нью-Йорктогу БУУнун башкы борборунда маалымат жыйын өткөргөн Пан Ги Мун, Иракта өкмөт түзүү менен милдеттендирилген Хайдар ал-Абадинин бардык топтор кабыл ала турган жана ар бир тарапты камтыган өкмөт курашы керектигин баса белгиледи.
Пан ИШИМдин согушкерлери тарабынан кыргын салуулар болуп жаткандыгы, балдардын согушка алып барылышы жана аялдардын кулга айландырылышы «терең капа кылууда» экендигин кошумчалады.
Баш катчы ИШИМдин өлкөнүн батышын жана түндүгүн басып алып миңдеген адамды көчүүгө мажбурлоосун, «абдан коркунучтуу абал»,- деп мүнөздөдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар