Канададан эбола эмдөөсү сунуш кылынды

Вирус ушул күнгө чейин оорулуу менен жакын мамиледе болгон кишилерге жукту

89078
Канададан эбола эмдөөсү сунуш кылынды

Канаданын саламаттыкты сактоо министри Рона Амвросий Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун генералдык директору Маргарет Ченге телефон чалып тажрыйба жүргүзүлүп жаткан эмдөөнү бере алышары тууралуу сунуш киргизди. Канаданын колунда "VSV-EBOV" аттуу эмдөөдөн 1500даана бар экенин белгилеген Амвросий мунун 800 менен 1000 даанасын Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмуна берүүгө даяр экендерин билдирди.
Амвросий : «Аз да болсо колубуздагы бул булакты мындай катуу эпидемияга бөгөт болууга салым кошуу үчүн сунуштайбыз. Пайдалуу болот деп ойлойбуз»,- деди.
Канада элдин саламаттыгы агенттиги төрагасынын орун басары доктор Григорий Тейлор да Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эбола вирусу тууралуу тажрыйба жүргүзүлүп жаткан дары жана эмдөөлөрдүн эпидемияга бөгөт болууда колдонулуусунун этикалык эрежелерге тескери болбой турганын билдиргенин эске салды. Тейлор колундагы үлгүдөн 10 даанасынын тест үчүн Женевага жиберилгенин белгиледи. Кандайдыр бир далилденген дарылоо методу же эмдөөсү болбогон жана ушул күнө чнйин миңден ашуун кишинин каза болуусуна жол ачкан эбола вирусу суудан же абадан эмес оорулуулардын денесиндеги суюктук менен жайылууда. Вирус ушул күнгө чейин оорулуу менен жакын мамиледе болгон кишилер менен дарылап жатканда жетиштүү чара көрбөгөн саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жукту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар