Йезиддерге жаңы чыгуучу жол ачылды

Ушул убакка дейре 10 миң йезиддин кутулганы билдирилди.

85536
Йезиддерге жаңы чыгуучу жол ачылды

Иракта ИШИМдин коркутуусунан качып тоолорго баш калкалаган йезиддер үчүн коопсуз чыгуучу жол ачылды.
Ушул убакка дейре 10 миң йезиддин кутулганы билдирилди.
Ирак-Шам ислам мамлекети уюму (ИШИМ) бир жума мурда Синжарды каратып алган соң тоолорго качкан 50 миң чакты йезиддин абалы санааркатып жатат.
Ирак парламентиндеги жалгыз йезид эл өкүлү Феййан Дахил: «Бул адамдарга жардам бериш үчүн эки гана күнүбүз калды. Андан соң массалык түрдө кырылуулар башталат»,-деп эскертти.
ИШИМ террорунун себебинен тоолорго качууга аргасыз болгон 50 миң йезиддин коопсуз аймактарга өткөрүлүшү боюнча иш-чаралар уланууда.
Тоодогу йезид үй-бүлөлөр 2 сааттык жөө жүрүштөн кийин унаалар жүрө турган жерге жетишет.
Йезиддер пешмергелер ачкан коопсуздук коридору аркылуу унаалар менен Сирияга өткөрүлүүдө.
Бул учурда айрым жерлерде ИШИМ террористтери менен пешмергелердин ортосундагы ок атышуулар уланууда.
Пешмергелерге Ирак армиясы да абадан операцияларды жүргүзүп жардам берүүдө.
Америка Синжарга жакын жерде йезиддерге туш келди ок жаадырган ИШИМдин мүчөлөрүнүн бомбаланганын жарыялады.
Бомбалоодо ИШИМге таандык брондолгон бир унаа менен жүк ташуучу унаа атылганы белгиленди.
Бир тараптан ИШИМдин Ирактагы кол салууларына Германияда жашаган йезиддер жана күрттөр нааразычылык акциясын уюштурушту.
Европа Йезиддер федерациясынын жол башчылыгында уюштурулган митингге, ар түрдүү мекемелер жана немис саясий партиялары колдоо көрсөтүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар