Газа дагы эле бомбаланып жатат

Израилдин 7-июлдан бери Газага карай кол салууларында каза тапкан кишилердин саны 1 миң 917ге жетти.

85289
Газа дагы эле бомбаланып жатат

Газа дагы эле бомбаланып жатат.
Газада 72 саатык ок атпоо режими жума күнү аяктагандан кийин Израиль кол салууларын кайрадан баштады.
Израилдин согуштук учактары Газадагы Жибалия качкындар лагерин бутага алды.
Лагердеги бир үйгө кол салуу болуп анда 1 киши каза тапты, 7 киши да жаракат алды.
Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаары да бомбаланып бир киши каза болду, бир киши жаракат алды.
Израилдин 7-июлдан бери Газага карай кол салууларында каза тапкан кишилердин саны 1 миң 917ге, жаракат алгандардын саны болсо 10 миңге жетти.
Бир айдан бери уланып келе жаткан кол салуулардан кийин шейшемби күнү Израиль менен палестиналык топтордун ортосунда 72 сааттык ок атпоо жарыяланган болчу.
Ок атпоо жарыясы жума күнү саат 08:00де аяктагандан кийин Израилдин кол салуулары кайрадан башталды.
Израиль Газадагы 70 бутаны бомбалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар