Израиль Газаны кайрадан бомбалап жатат

Египетте жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок.

83544
Израиль Газаны кайрадан бомбалап жатат

Газада 72 саттык ок атпоо режими аяктагандан кийин Израиль абадан бомбалоосун кайрадан баштады. 

Туруктуу ок атпоонун камсыздалуусу үчүн Египетте жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. 

Сүйлөшүүлөр убагында өз жерлерине 10 ракета атылганын айткан Израиль Газаны кайрадан бомбалай баштады. 

Израилдин өкмөт катчысы Марк Регев ок атпоо келишиминин аякташынан Хамасты жооптуу көрдү. 

Израилдин бир айдан бери уланып жаткан Газа кыргынында 1900дөн ашуун палестиналык каза болду. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар