Кыдайда каза тапкандардын саны 589га жетти

Кытайда 6,5 баллдык жер титирөө болгон.

81020
Кыдайда каза тапкандардын саны 589га жетти


Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясынын Каотонг шаарында жекшемби күнү болгон 6,5 баллдык жер титирөөдө каза тапкандардын саны 589га жетти.
Синьхуа агенттигинин кабарына караганда жаралуулардын саны 2 миң 833кө жетсе, 9 кишиден дагы эле дайын жок.
Жер титирөөдөн бир миллондон ашуун кишинин терс таасир алганы сөз кылынды. Кытайдын Кызыл Крест коомунун жер титирөө болгон аймакка 33 миллион юань (5,4 миллион АКШ доллары) кайрым кылганы, мындан тышкары 15 миллион юандык жардам материалдары жөнөтүлгөнү баяндалды.
Каотонг шаарында 2012-жылы болгон 5,7 баллдык жер титирөөдө да 80 киши каза болуп, 800дөн ашуун киши жаракат алган. Юньнань провинциясында 1970-жылы болгон 7,7 баллдык жер титирөөдө болсо кеминде 15 миң киши каза тапкан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар