Украина армиясы отурукташуу жерлерин кайра алды

Армия Орусия жактоочуларынын көзөмөлүндөгү аймактарда жашаган жарандарга үйлөрүн таштап кетүүгө чакырууда

80428
Украина армиясы отурукташуу жерлерин кайра алды

Украина армиясы өлкөнүн чыгышындагы Орусия жактоочуларына каршы кенен масштабда операцияга даярданууда. Донецкке карай жылган Украина армиясы акыркы бир канча айда 600дөн ашуун отурукташуу жерин Орусия жактоочуларынан кайра алды.
Армия акыркы болуп Донецктин 25 километр түндүгүндөгү Аяссинувата поселогун колго алып, Маринка поселогунда да катуу кагылышуулар болууда. Армия Орусия жактоочуларынын көзөмөлүндөгү аймактарда жашаган жарандарга үйлөрүн таштап кетүүгө чакырууда.
Украина армиясы Орусия жактоочусу топтордон жарандардын качууларына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн гуманитардык жардам коридорлорунун түзүлүшү жана бул коридорлорго жакын жерлерде ок атууну токтотууга баш ийүүгө чакырды. Украина армиясы Донецк чек арасына тактикалык ракета батареялары жана ракеталар системаларын жайгаштырууда. Ошол эле учурда Орусиянын билдиргенине караганда 400дөн ашуун, Киевдин билдиргенине караганда 311 Украина аскери, чек аранын Орусия тарабына барып багынды. Киев бул аскерлердин кагылышуунун айынан орус жерлерине кирүүгө мажбур болгонун ортого салып, кайрадан тапшырылуусун суранды. Бир тараптан Орусия, Украина чек арасында 100 согуштук учагы катышкан аскердик машыгуунун башталарын билдирди. Украинанын чыгышында 4 айдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 1100 киши каза болду. Бул санга 17 – июлда атып түшүрүлгөн Малайзия учагындагы 298 киши кирбейт. Учак түшкөн аянтта иштеген голландиялык жана австралиялык адистерге малайзиялык адистер да кошулду. Адистер учак тууралуу далилдерди чогултушууда. Жүргүнчү жана экипажга таандык сөөктөр учактар менен Голландияга алып барылат. Ушул кезге чейин 220 кишинин сөөгүнүн Голландияга жеткирилгени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар