Акыркы Хиросима учкучу да каза болду

Енола Гейдин 12 экипажынын бирөөсү болгон Кирк тирүү калган акыркы учкуч болгон

75297
Акыркы Хиросима учкучу да каза болду

Экинчи дүйнөлүк согушунун акырларына карай Японияга атомдук бомба таштаган жана тирүү калган акыркы учкуч Теодор Ван Кирк каза болду. Теодор Ван Кирк 1945 – жылы 6 - августта Енола Гей согуштук учактан, атомдук бомбасы «Кичинекей баланы» Хирошиманын үстүнө таштаганда 24 жашында болгон. 93 жашта каза болгон «Алман» лакаптуу Крик өмүрүнүн акыркы мезгилин Жоржиадагы карыялар үйүндө жашады. Енола Гейдин 12 экипажынын бирөөсү болгон Кирк тирүү калган акыркы учкуч болгон.
Кирктин жаназа зыйнаты 5 - августта Пенсилваниянын Нортамбирленд шаарында болот. Көмүү иштери басма сөзгө жабык түрдө өткөрүлөт. Экинчи Дүйнөлүк Согушунун акырында АКШнын Япониянын Хиросима шаарына таштаган атомдук бомбасы 140 миң кишинин каза болуусуна себеп болгон. Атомдук бомба согуштук бомба катары колдонулган биринчи жана бир гана өлкө болгон Японияга көптөгөн жылдар бул бомбалардын жараларын айыктырууга аракет кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар