Европа Биримдигинен Орусияга жаңы санкциялар

Орусиянын нефть жана коргонуу өнөр жайлары менен бирге банктык сектору да бутага алынууда

74322
Европа Биримдигинен Орусияга жаңы санкциялар

Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосунда Украина тууралуу араздашууларда Брюссель көптөгөн убакыттан бери күтүлүп жаткан орчундуу кадамды таштады. Мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү Орусияга карата экономикалык санкцияларды камтыган үчүнчү баскычка келүү чечимин чыгарды. Санкцияларда Орусиянын нефть жана коргонуу өнөр жайлары менен бирге банктык сектору да бутага алынууда.
Украинада атып түшүрүлгөн Малайзия аба жолдоруна таандык учакта жүздөгөн жаранын жоготкон Европа Биримдиги Москва башкаруусуна каршы олуттуу кадамды таштады. Украинада болгондордун арасында орун алган киши жана мекемелерге карата санкцияларды күчөткөн Европа Биримдиги акыркы баскычка, экономикалык санкцияларга өттү. Жаңы санкция чечими Москва башкаруусундагы мамлекеттик банктардын Европадагы капитал базарларына жетишүүсүнө бөгөт болот. Путиндин күн тартибиндеги банктарды бутага алууну максат кылынуусу менен Орусиянын карызынын көбөйтүлүүсү жана базарлардагы күчөп бара жаткан белгисиздик менен эл аралык инвесторлордун да өлкөгө болгон ишениминин азаюусу максат кылынууда. Акыркы санкция толкуну менен абдан жооптуу технологиялардын Европадан Орусияга экспорттолусуна да тыюу салынып Европанын Москвага биринчи даражада көз каранды болгон орус газына кол тийген жок. Коргонуу өнөр жайына карата санкциялардын болсо келечекке карата келишимдердин негизинде Франциянын Орусияга саткан согушутук кемелеринин өткөрүлүп берилүүсүндө маселе чыга тургандай көрүнбөйт. Санкция чечиминин өткөн күнгө карата келишимдерди камтыбашы өзгөчө Орусия коркутуусун жакындан сезген Балтика өлкөлөрүнүн көңүлүн калтырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар