АКШдан Орусияга жаңы санкциялар...

Обама Москва башкаруусуна карата Америка санкцияларынын кеңейтилгенин жарыялады

74582
АКШдан Орусияга жаңы санкциялар...

АКШнын президенти Барак Обама жаңы тизмеде Орусиянын коргонуу, финасы жана энергетика секторлорунун бутага алынганын айтты. Ак үйдө басма сөзгө билдирүү жасаган Обама Москва башкаруусуна карата Америка санкцияларынын кеңейтилгенин, өзгөчө коргонуу, финансы жана энергетика секторлорун бутага алган чечимдин чыгарылганын жарыялады.
Орусиянын эл аралык коомдук пикирден өзүн алыстатканын кайталаган Обама өлкөлөр арасындагы келишпестиктердин жаңы суук согуш эмес экенин белгиледи. Обама Европа жана АКШнын чыгарган санкция чечимдеринин орус экономикасына карата абдан чоң таасиринин болорун белгиледи. «Мындай болууга мажбур эмес эле»,- деген Американын президенти санкция чечимдеринин Путиндин тандаган жолунун натыйжасында чыгарылганын айтты. Москва башкаруусуна карата күнөөлөөлөрүн улантып жаткан Обама Орусиянын Украинадагы жикчилдерди машыктыруу жана куралдарга жардам берүүнү улантканын белгиледи. Обама Орусиянын Украина чек арасында аскерлерин көбөйтө баштаганын сөздөрүнө кошту. Бир тараптан АКШ казына министрлигинен жасалган жазуу түрүндөгү маалыматында мамлекеттин текшерүүсү астындагы 3 орус банкы VTB, Айыл – чарба жана Москва банктарынын санкция ичине алынганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар