Газада ок атууну токтотуу тууралуу белгисиздик улантылууда

Газада каза болгондордун саны 1062ге жетти

73028
Газада ок атууну токтотуу тууралуу белгисиздик улантылууда

Газада кагылышуулар жана ок атууну токтотуу тууралуу белгисиздик да улантылууда. Хамас Рамазан майрамынан улам БУУнун чакыруусуна баш ийүү менен 24 сааттык ок атууну токтотуу сунушун кабыл алганын билдирди. Хамастын билдирүүсүнөн кийин аймактан кагылышуу кабарлары келүүнү улантууда. Эки тарап да ок атууну токтотуу эрежесин бузуу боюнча бири бирин күнөөлөөдө. Газада каза болгондордун саны 1062ге жогорулап, көпчүлүгү балдар менен аялдар болуп, 6 миң 300 жаралуу бар. Аймакта суу, азык – түлүк, дары – дармек жана медициналык материалдын жетишсиздиги адамзаттык кризисти тереңдетүүдө. Кыргында каза болгондордун 42 пайызы жаралангандардын 54 пайызы балдар. Израиль болсо ушул күнгө чейин 43 аскерин жоготуп, 3 Израиль жараны да Хамастын ракеталык кол салуусунда каза болду. Ошол эле учурда АКШнын президенти Барак Обама Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу Газа тууралуу сүйлөштү. Обама гуманитардык жардамдар үчүн Газада алдыңкы шартсыз ок атууну токтотуунун түзүлүшү керектигин айтты. Барак Обама 2012 – жылдагы ок атууну токтотуунун алкагында кагылышуулардын толугу менен токтотуусу керектигин да сөздөрүнө кошту.
*** Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас да Сауд Арабстандын королу Абдулах бин Абдулазиз менен жолугушту.
*** Газадагы абал сөз болгон сүйлөшүү тууралуу кенен түрдө маалымат берилген жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар