Парижде Газа тууралуу жыйын өттү

Жолугушууда ок атпоонун камсыздалышы үчүн жүргүзүлгөн киришүүлөр каралды.

72199
Парижде Газа тууралуу жыйын өттү


Газада кеңири ок атпоонун камсыздалышы үчүн чечүүчү мааниси болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кечээ Парижде чогулду.
Түркия,Катар, АКШ,Германия,Франция,Италия жана Англиянын тышкы иштер министрлери чогулушту.
Жолугушууда ок атпоонун камсыздалышы үчүн жүргүзүлгөн киришүүлөр каралды.
Жыйналышта туруктуу ок атпоонун камсыздалышы үчүн катышуучу өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жумшоосу темасында макулдашууга жетишилди.
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу жыйналыштан кийинки билдирүүсүндө: «Туруктуу ок атпоонун камсыздалуусун максаттап жатабыз. Акыркы мезгилге чейин да буга аябай эле жакындаганбыз. Тилекке каршы Израиль тарабынан четке кагылды. Бул үмүтүбүздү үзбөстөн иштерибизди улантуудабыз»,-деди.
Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус болсо: «Бардыгыбыз тең Палестинанын мыйзамдуу социо-экономикалык өнүгүү жана жете ала турган муктаждыктарына жетишин, ал эми Израилдин талаптарына да жооп бере турган туруктуу ок атпоонун дароо камсыздалышын каалайбыз»,-деп айтты.
Жыйналыштан кийин Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Керри жана Катардын тышкы иштер министри Аттиях Түркиянын элчилик резиденциясында чогулуп акыркы абалды карап чыгышты.
Тийиштүү өлкөлөрдүн катышуусунда алдыбыздагы жумада да чечим табууга карай дагы бир жыйналыш өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар