Израиль Газаны түнү менен аткылап чыкты

Израилдин Газага кол салуусунан бери каза болгондордун саны 884кө жетти

71700
Израиль Газаны түнү менен аткылап чыкты

Израиль менен Хамастын арасында ок атууну токтотуу боюнча аракеттер улантылып түнү менен Израиль Газаны аткылaп чыкты. Израилдин Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден жасаган кол салуулар түнү менен улантылды. Бейтүллахимде Израилдин кол салууларын протест кылууну каалаган палестиналыктар менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты. Палестиналыктар Израиль аскерлерине таш, таяк жана колдо жасалган бомбалар менен жооп беришти. Окуяда бир палестиналык жаш жигит каза болду.
Газа жана Хан Юнусту бутага алган Израиль кол салуулары да жан жоготууларга себеп болду. Палестиналык жетекчилер Израилдин Газага 7 – июлдан бери жасаган кол салуусунда каза болгондордун саны 884кө жеткенин, 5 миң 840 кишинин да жараланганын билдирди. Ошол эле учурда убактылуу ок атууну токтотуунун түзүлүшүнөн кийин медициналык материалдарды ташыган арап өлкөлөрүнө таандык конвойлордун Рефах чек ара капкасынан Газага кирилгени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар