Буркина-Фасодо эки күндүк аза күтүү жарыланды

Буркина-Фасодон Алжирге бараткан учак Малинин түндүгүндө кырсыкка учурады.

70396
Буркина-Фасодо эки күндүк аза күтүү жарыланды

Алжир аба жолдоруна таандык учактын сыныктары Малиде табылды.
Учактын 110 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү менен Малинин түндүгүндө Буркина-Фасо чек арасына жакын жерде кырсыкка учураганы билдирилди.
Эки француз согуштук учак жана БУУнун бир тик учарынын көпкө созулган издөөсүнөн кийин учактын калдыктарынын табылганы белгиленди.
Буркина-Фасодон Алжирге бараткан учактын Малинин түндүгүндө кырсыкка учураганы маалымдалды.
Малинин мамлекеттик телеканалы президент Ибрахим Кейтанын бүгүн учак кырсыктаган жерге барышы мүмкүн экенин билдирди.
Учакта 110 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү бар болчу.
Жүргүнчүлөрдүн арасында 50 француз, 24 Буркина-Фасо, 8 Ливан, 4 Алжир жараны бар экени белгиленди. Кырсыктын себебинен Буткина-Фасодо эки күндүк аза күтүү жарыланды. 

Буркина-Фасонун транспорт министри, учак учуп кеткенден кыска мөөнөт өткөндөн кийин пилоттун шамалдын себебинен учактын багытын өзгөртүүнү талап кылганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар