Биз куралсыздана турган болсок Израиль да куралсыздансын

Халид Мешаль дүйнөдөгү элдерге кайрылды.

69473
Биз куралсыздана турган болсок Израиль да куралсыздансын


Хамастын саясий кеңсесинин башчысы Халид Мешаль Катардын борбор шаары Дохада кечээ маалымат жыйын өткөрдү.
Дүйнөдөгү элдерге кайрылган Мешаль Хамас катары эч качан жарандарды бутага албагандарын, тескерисинче Израиль тарабынан өлтүрүлгөн палестиналыктардын дээрлик көпчүлүгү карапайым калк экенин айтты.
Мешаль Израиль карапайым калкты кырып жатканда бүткүл дүйнөнүн да буга колдоо көрсөткөнүн сөз кылды.
«Палестинанын туруштук берүүсү Алланын буйругу менен уланат»,- деген Хамастын лидери палестиналыктарга: «Сиздер үмүттүн символусуздар»,- деп кайрылды.
Мешаль ок атпоо камсыздала турган болсо алгач Газага карай эмборга жана блокаданын жоюлуусу керектигин да кайталады.
Халид Мешаль: « Газадагы аскердик күчтөрдүн куралсыздануусу талабы боюнча биз куралсыздана турган болсок Израиль да басып алуусун токтотуп куралсыздансын»,-деди.
Мешаль сөзүнүн акырында бир күнү израилдик канкорлордун Эл аралык соттор тарабынан жоопко тартыла турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар