«Качырылган кыз окуучулардын жери белгилүү болду»

Кыздарды куткаруу үчүн ылайыктуу учур күтүлүүдө

67261
«Качырылган кыз окуучулардын жери белгилүү болду»

Нигерияда жетекчилер 4 ай мурда Боко Харам уюму тарабынан качырылган кыз окуучулардын жерлеринин билингенин, бирок турмуштук коркунучтуулуктан улам куткарылуулары үчүн ылайыктуу учурдун күтүлүп жатканын билдирди.
Кечээ борбор шаар Абужадагы коопсуздук жыйынынан кийин журналисттерге билдирүү жасаган Нигерия жашыруун полициялык уюмунун төрагасы Ита Екпенионг кыздардын куткарылуусу тууралуу иштердин ылайыктуу учурдун күтүлүүсүнөн улам акырын баратканын айтты.
Екпенионг өкмөттүн кыздардын куткарылуусу үчүн жетерлик аракетти көрсөтпөгөнү тууралуу сындардын чындыкты чагылдырбаганын билдирди. Башкы штабдын төрагасы Алекс Бадех да кайда экени билинген кыздардын ишенимдүү түрдө куткарылуусу үчүн акыркы чечимдин чыгарылбаганын айтты.
Ошол эле учурда коопсуздук жыйынында каттоодон өтүү менен түштүктөгү белгилүү аймактарга барган түндүк аймагынын тургундарынын бул иштеринин коопсуздук негизи менен токтотулганы билдирилди. Нигерияда бир канча убакыт мурда түндүктөн түштүк аймактарына келген топторго карата жасалган операцияда Боко Харам менен байланышы бар деген шектенүү менен кээ бир кишилер көзөмөлгө алынган болчу. Боко Харам уюмунун лидерлеринен Эбубекир Шекау кыска убакыт мурда абактагы террористтерди эркин койо бергенге чейи качырылган кыз окуучуларды кое бербей турганын билдирген болчу. Боко Харам терроисттери 14 – апрелде Борно аймагынын Чибок шаарынан 300гө жакын кыз окуучуну уурдап качкан. Уурдалган кыздардан элүү төртү кайтып келип эки жүз он тогузунун абалы белгисиз эле. Аты жергиликтүү тилде «Батыштык стилде билим берүүгө тыюу салуу» деген мааниге келген Боко Харам 160 миллион калкы менен Африканын эң чоң өлкөсү болгон Нигерияда 2000 – жылдардын башынан ушул күнгө чейин өз иш чараларын жүргүзүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар