Израиль кургактык операциясына өттү

Кургактык кыймылына сегиз миң Израиль аскери катышып, он сегиз миң запастагы аскер да кызматка чакырылды.

133579
Израиль кургактык операциясына өттү

Израилдин Газага карата  коргоочу жол операциясында кургактык кыймылына өтүлдү.
Израиль 8 миң аскер, аба жана деңиз күчтөрүнүн колдоосу менен Газага кирди. Эл аралык коом Израиль кол салууларына карата үнсүздүгүн улантууда.
Кечээ түнү алты киши дагы каза болуп, ушундайча коргоочу жол операциясынын он биринчи күнүндө өлтүрүлгөн палестиналыктардын саны 246га жетти. Израиль түнү менен кургактыктан жана абадан ок атып Газа тилкесинде аял жана бала дебестен өлтүрдү. Хамастын катчысы Февзи Берхум өздөрүн коргоо үчүн керектүү каражаттарга ээ экендерин жана бул каражаттарды колдонуу менен Израилге булардын баарын төлөтүшөрүн айтты.
Израиль армиясынын катчысы, бригаданын генералы Мотти Алмоз болсо кол салуунун максатынын Газада белгиленген буталарды колго түшүрүү, базисин жок кылуу жна Израилге кирүү үчүн ачылган туннелдердеги Хамасты соңуна чыгаруу деп билдирди. Израилдик жетекчилер максаттарына жеткенге чейин операцияларын улантышарын белгиледи. Кургактык кыймылына сегиз миң Израиль аскери катышып, он сегиз миң запастагы аскер да кызматка чакырылды. Ушундайча 8 – июлдан бери кызматка чакырылган алтымыш беш миң запастагы аскердин чоң бөлүгү кыймылга катышуу үчүн буйрук күтүүдө. Кургактык кыймылынын биринчи минуталарынан баштап "Шифа" ооруканасына көп сандаган жаралуулар келип, Израиль армиясынын ооруканага кол салганы билдирилди.
БУУ 1400гө жакын үйдүн талкаланганын жана 18 миң кишинин үйлөрүнөн качканын маалымдады. БУУнун генералдык секретары Пан Ги Мун : «Менин жана дүйнө лидерлеринин кайра кайра жасаган эскертүүлөрүбүз, жарандардын каза болуусу тууралуу жасаган эскертүүлөрүбүздөн бери 24 саат өтпөстөн бул оперциясынын башталганын угуу санааркатуучу»,- деди. Палестиналык башкы сүйлөшүүчү Саеб Эрекат да кургактык кыймылынын аймактагы маселелерди чече албай турганын айтты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иорданиянын чакыруусу менен бүгүн маселени карап чыгуу үчүн чогулуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар