Обама ооз ачуу тамагын берди

Обама Рамазан айынын бөлүшүү, кайрымдуулук жана тынчтык күндөрү болгонун айтты.

130153
Обама ооз ачуу тамагын берди

АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө ооз ачуу тамагын берди.
Салттык ооз ачуу тамагына быйыл мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, Америка коомчулугунун алдыңкы диний лидерлери жана тандалган коноктор катышты.
Ооз ачууга Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч да катышты.
Обама Рамазан айынын бөлүшүү, кайрымдуулук жана тынчтык күндөрү болгонун айтты.
Хадис дагы окуп берген Обама: «Исламдагы бир хадисте мындай буюрулган. «Бир кул, бир тууганына жардам берген сайын Аллах да ал кулуна жардам берет». Башка айтканда биз кызмат кылууга жана башкаларга жардам берүүгө чакырылып жатабыз»,-деди.
Обама сөзүнүн аягын Жакынкы Чыгыштагы абалга бөлүп, Ирак жана Сирияда татаал күндөр өтүп жатканын белгиледи.
Сирияда Асад режиминин өз калкын аесуз түрдө өлтүрүп жатканын, өздөрүнүн сириялыктардын ага каршы туруштук бериши үчүн жардам бергенин айткан АКШнын президенти, Иракта болсо ИШИМдин кол салууларына каршы өлкөнү биримдикте кармай турган жаңы өкмөт түзүү чакырыгын кайталады.
Обама Газада жүрөктү опколжуткан көрүнүштөрдү трагедия катары аныктап, «2012-жылдагы ок атпоого кайтылышы үчүн бардык нерсени кылабыз.Ушуга байланыштуу Египеттин сунушун колдойбуз жана ийгиликтүү болушун каалайбыз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар