Дүйнөнүн бардык жеринде Израилге каршы митингдер өткөрүлдү

Кытай менен Франция жарандарга карата бардык соккуну айыпташкандарын билдирди

126841
Дүйнөнүн бардык жеринде Израилге каршы митингдер өткөрүлдү

Дүйнөнүн чыгышынан батышына чейин көчөлөргө чыгышкан миңдеген митингчи Израилди айыптап палестиналыктарга колдоо кабарын беришти.
Кытай менен Франция жарандарга карата бардык соккуну айыпташкандарын билдирди. Индонезиялыктар палестиналык дин бир туугандары үчүн чогулушту. Президентикке талапкер Прабово Субианто дүйнөнү Израилди токтотуу үчүн биримдикке чакырды.
Жүз миңдеген палестиналык качкын жашаган Ливандын борбор шаары Бейрутта көчөлөр : «Газа жалгыз эмессиң» деген ураан менен жаңырды. Иорданиялктар колдорунда Палестина желектери менен Аммандагы Израиль элчилигинин алдында чогулушуп бомбалоону айыпташты.
Каирдеги митингде египеттиктер арап дүйнөсүн Израиль зулумчулугуна каршы биримдикке чакырды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасында жума намазынан кийин палестиналык шейиттер үчүн жаназа намазы окулду.
АКШнын Нью – Йорк шаарындагы Израилге каршы митингге кээ бир еврейлер да колдоо беришти. Венесуэланын борбор шаары Каркас «Палестинага эркиндик» деген ураан менен жаңырды.
Венесуэла Израилдин Газага карата аскердик операцияларын айыптап 2009 – жылы дипломатиялык карым – катнаштарын токтоткон болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар