Иракта химиялык курал боюнча чуу чыкты

ИШИМдин Багдадга жакын жердеги Мутанна ишканасын жана анын ичиндеги химиялык заттарды алып коюшкандарынын маалыматы берилди.

123355
Иракта химиялык курал боюнча чуу чыкты


Ирак, борбор шаар Багдаддын түндүк батышындагы химиялык курал ишканасынын Ирак-Шам Ислам мамлекети уюму (ИШИМ ) тарабынан колго алынганын БУУга билдирди.
Ирактын БУУдагы туруктуу өкүлү Мухаммед Али Аль-Хаким тарабынан БУУнун баш катчысы Пан Ги-Мунга жеткирилген катта ИШИМдин 11-июлда Багдадга жакын жердеги Мутанна ишканасын жана анын ичиндеги химиялык заттарды алып коюшкандарынын маалыматы берилди.
Катта, Ирак өкмөтүнүн аймактагы коопсуздук абалынын начарлоосунун себебинен бул жердеги химиялык куралдарды жок кылуу убадасын орундата албай тургандыгы белгиленди.
Саддам Хүсейин режиминин мезгилинен калган химиялык ишканаларда ар түрдүү уулуу химиялык заттар же калдыктары бар бөлүкчөлөр болгондугу белгиленди.
Мусул жана чөйрөсүн ылдам түрдө колго алган жана Багдадды коркунучка салган ИШИМ 29-июнда Иракта халифат мамлекетин курганын жарыялаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар