Иракта үйүн таштап качкандардын саны көбөйүүдө

Ирактагы ТРТнын кабарчысы, Хасир лагерине кирип адамдардын абалы менен таанышты.

120684
Иракта үйүн таштап качкандардын саны көбөйүүдө

Ирактагы согуштун натыйжасында өз үйлөрүн таштай качкан миллиондогон адамдар өлкө ичинде качкын абалда...
Акыркы учурда Телафер жана Тикриттен качкан түркмөндөр барган сайын оор күндөргө туш болушууда.
Ирактагы ТРТнын кабарчысы, Хасир лагерине кирип адамдардын абалы менен таанышты.
Ирактын түндүгүндөгү Мусул менен Эрбилдин ортосунда курулган Хасир лагеринде 3000гө жакын качкын баш калкалоодо.
Эки күн мурун түркмөндөрдүн, күрттөрдүн жана араптардын саны бирдей болсо, кечээ алардын катарына 500гө жакын түркмөн улутундагы качкындар келип кошулду.
Ошондуктан түндүктөгү Күрт аймактык башкаруучулугу Эрбилде коомдук кризиске себеп болуусу мүмкүн деген себеп менен өткөөлдөрдү жапты.
Бул адамдар түндүк чек ара сызыгында Ирак-Шам Ислам мамлекети уюму (ИШИМ) менен айыгышкан салгылаш жүргүзүп, оор турмушта жашоодо.
Хасир лагеринин башка лагерлерден айырмачылыгы түркмөндөрдүн көп болгондугу. Алар шашылыш түрдө качкандыктан, үйлөрүнөн эч нерсе ала алган эмес. Башынан өткөргөн оор кырдаалдарды унутуу алар үчүн оңой эмес.
Тамак-аштын жана дары-дармектин жетишпестигинен оору-сыркоо тооруп турат.
Лагерге келген жардамдар да жетишсиз болууда.
Өзгөчө чек аралардын жабылышы бул абалды дагы да курчутууда.
Ирак-Түркмөн фронтунун башчысы Салихи дагы Керкүктө өткөрүлгөн маалымат жыйынында, болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат берди.
Салихи түркмөн чатырларында баш калкалагандардын арасынан оор шарттарга чыдай албай 10 жаш өспүрүм каза тапкандыгын дагы кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар