Талапкерликтен чегинген жок

Иракта Жогорку Шайлоо Комиссиясы билдирген так жыйынтыктарга караганда эч бир партия өкмөттү жалгыз өзү кура турган көпчүлүктү түзө алган эмес

118576
Талапкерликтен чегинген жок

Ирактын премьер – министри Нури Ел Малики курула турган жаңы өкмөттө премьер – министрлик талапкерлигинен баш тартпай турганын айтты. Малики мамлекеттик телекөрсөтүүдө жарыяланган сөзүндө : «Террористтердин алдында согуш аянтынан чегинбеймин, мекендик жана ахлактык жоопкерчиликтеринен качуу деген мааниге келет. Ушул себептен премьер – министрлик талапкерлигинен эч качан баш тартпаймын»,- деди.
Ирактын душмандарын жеңгенге чейин куралдуу күчтөрдүн жана ыктыярдуулардын жанында күрөшүүнү улантарын белгилеген Малики Мыйзамдуу мамлекеттик коалициясынын парламентте эң көп орундукка ээ блок экенин эске салды. Акыркы шайлоолордо Малики лидери болгон Мыйзамдуу мамлекет коалициясы 93, Муттехидун блогу 23, шиит коалициясы 29 жана «Ватаниийе» блогу 21 орундукка ээ болгон. Өкмөттү куруу үчүн парламентте 165 орундук керек болгон Иракта Жогорку Шайлоо Комиссиясы билдирген так жыйынтыктарга караганда эч бир партия өкмөттү жалгыз өзү кура турган көпчүлүктү түзө алган эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар