Палестиналык жаш жигит топуракка берилди

Мечиттин алдында чогулган палестиналыктарга Израиль полициясы катуу кийлигишүүдө болду

118581
Палестиналык жаш жигит топуракка берилди

Палестинада качырылып андан кийин күйүп калган сөөгү табылган 17 жаштагы Мухаммед Хүсейин Эбу Худайр кечээ топуракка берилди. Израиль армиясы кечээ эрте менен Иерусалимдин тегерегинде катуу коопсуздук чараларын көрдү. Жаназага катышууга бөгөт болуу үчүн шаарга кирип чыгуу токтоп калды. Бирок ушуга карабастан 10 миң палестиналык Мухаммедди акыркы жолчулугуна узатуу үчүн келди. Чыгыш Иерусалимдеги бир мечитте окулган жаназа намазынан мурда кан басымы жогору болчу. Израиль полициясы менен палестиналыктардын ортосунда абдан катуу кагылышуулар болду. Мечиттин алдында чогулган палестиналыктарга Израиль полициясы катуу кийлигишүүдө болду. Полиция палестиналыктарга көздөн жаш агызуучу газ жана пластикалык ок менен кийлигишти. Эбу Худайр 2 – июлда Иериусалимдин түндүгүндөгү Шуафат аймагында багымдат намазына баратып еврей отурукташуучулар тарабынан качырылуусунан кийин сөөгү табылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар