ИШИД террористтери Сирияда нефть аянттарын бир бирден колго алуу

Нусра фронту күчтөрүнүн чегинүүсүнөн кийин нефть аянтынын ИШИД террористтеринин колуна өткөнү белгиленди

118569
ИШИД террористтери Сирияда нефть аянттарын бир бирден колго алуу

Дейр Эззур аймагында түндүккө карай алдыга жылууну уланткан террористтер өлкөнүн эң чоң нефть аянты Ел Өмерден кийин Танак нефть аянтын да колго алды. Танак нефть аянты Түркия чек арасына 18 километр алыстыкта орун алган.
Нусра фронту күчтөрүнүн чегинүүсүнөн кийин нефть аянтынын ИШИД террористтеринин колуна өткөнү белгиленди. Дейр Эззурдагы нефть жана жаратылыш газ аянттарынын көпчүлүгүндө текшерүүнү колго алган ИШИДдын күндө 35 миң баррель нефть өндүрө ала турган абалга келгенине көңүлдөрдү бурду. ИШИДдын Дейр Эззурдун борбор шаары жана бир канча айылдын тышында бардык көзөмөлдү колго алды, бир топ жерде Нусра фронтунун мүчөлөрүнүн багытын өзгөртүп уюмга кошулганын кабарлады. ИШИД күчтөрү Ирак чек арасындагы Букемал поселогуна чейинки коридорду алды. Террористтер Ел Баб аймагындагы эки отурукташуу жерин да колго алып, ИШИД жаңы оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Түркияга жакын Актарин поселогун абдан катуу бомбалады. Адистер ИШИД көзөмөлгө алган аянттын Ливан жерлеринен беш эсе чоң экенин белгилеген. Сирияда Асад күчтөрү да Халепте бир аймакты алды. Сирия учактарынын да чек аранын Ливан тарабына качкан оппозициячылдарга абадан кол салуу жасаганы, ошол учурда бир тобунун каза болгону белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар