Сирияда балланс абдан оор
САНА коопсуздук күчтөрүнүн жалпы өлкөдө жүргүзгөн операцияларда көп сандаган куралдуу кишини таасирсиз абалга алып келгенин жарыялады
Сирияда Башар Асадга караштуу армия бөлүктөрүнүн оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймактарда оор куралдар менен жасалган кол салууларда 37 кишинин каза болгону билдирилди.
Сирия Адам Укуктары Уюму тарабынан жасалган билдирүүдө режим күчтөрүнүн башкарууга каршылардын колундагы аймактарга абадан жана кургактыктан кол салуу жасаганы белгиленди.
Ошол эле учурда Жалпы Координация Комитетинен жасалган билдирүүдө армияга таандык бир тик учардын Халепте оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Шеар аймагындагы бир көпүрөгө баррель бомба ыргытканы, көпүрөдө абдан чоң чыгымдын болгону, согуштук учактарынын Халеп тегерегиндеги район жана аймактарды бомбалаганы белгиленди. Бир тараптан Сирия режиминин кабар агенттиги САНА коопсуздук күчтөрүнүн жалпы өлкөдө жүргүзгөн операцияларда көп сандаган куралдуу кишини таасирсиз абалга алып келгенин жарыялады.