Берлинде Украина үчүн биргелешкен декларация жарыяланды

Киев жана Орусия тарапташтары да кошулган сүйлөшүүчү топ туүзүлүүсүнө жана бул топтун ишемби күнгө чейин чогулуусуна чечим чыгарылды.

116800
Берлинде Украина үчүн биргелешкен декларация жарыяланды

Германиянын сунушу менен кечээ күнү Берлинде чогулган Орусия, Германия, Франция жана Украинанын тышкы иштер министрлери, ок атпоонун жолун ачуучу жол картасы боюнча бир пикирге келишти.
4 тышкы иштер министри, Киев жана Орусия тарапташтарынын да кошулуп сүйлөшүүчү топ туүзүлүүсүн жана бул топтун ишемби күнгө чейин чогулуусуна чечим чыгарды.
Сүйлөшүүчү топ, аймакта ок атпоонун корголушун колго алышат. Бул ок атпоого баш ийип ийбегендиги ЕККУнун байкоочулары тарабынан көзөмөлдөнөт.
Орусия, ок атпоо күчүнө киргенден кийин, украиналык чек ара күзөтчүлөрүнун кирип чыгууларды көзөмөлдөө үчүн кээ бир капкалардан орустардын жерлерине кирүүсүнө уруксат берүүгө макул болду.
Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер, тараптардын чыңалууну басаңдатуу үчүн бирдикте иш алып баруу ишенимин сөз кылса, Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин чыңалууну мамлекетт башчысы Петр Порощенконун тынчтык планынын бүтүндөй түрдө кабыл алынган учурунда гана төмөндөтүүгө болоорун айтты.
Украинада Порощенко жарыялаган 10 күндүк ок атпоонун мөөнөтү өткөн дүйшөмбү күнү бүткөн эле.
Бул учурда Украинада кагылышуулар Луганск жана Орусия менен болгон чек арада уланууда. Анда 4 украиналык аскер каза болду.
Украина армиясы, аскерлеринин чек араларга жана аскердик унааларга уюштурулган кол салууларда каза болгондугун, ушуну менен кризистин башталышынан берки каза болгон аскерлердин санынын 200дөн ашкандыгын кабарлады.
Армия тарабынан берилген маалыматка караганда, Орусиячылдарга таандык 100дөн ашуун бутага чабуул жасалгандыгы маалым.
Атылган жерлердин арасында, Луганскта бир мектепке да ракета атылган, бирок өлгөндөр болгон эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар