«Чукул жардамга муктаждык бар»

Антонио Гутеррес Африка континентиндеги качкындардын жылдын акырына чейин азык – түлүк муктаждыгынын камсыз кылынуусу максатында 186 миллион долар чукул жардам талабын билдирди

115480
«Чукул жардамга муктаждык бар»

БУУ Африкадагы азык – түлүк тартыштыгынан улам континенттеги 800 миң качкын үчүн чукул жардам берүүгө чакырды. БУУнун Женева офисинде өткөрүлгөн маалымат жыйында Дүйнөлүк азык – түлүк программасынын төрагасы Ертхарин Кузен жана БУУнун качкындар жогорку комиссары Антонио Гутеррес Африка континентиндеги качкындардын жылдын акырына чейин азык – түлүк муктаждыгынын камсыз кылынуусу максатында 186 миллион долар чукул жардам талабын билдирди.
Кузен : «Африка континентиндеги качкындардын көпчүлүгү Дүйнөлүк азык – түлүк программасы таркаткан азык – түлүк материалына көз каранды болуп жашашууда, бирок азыр финансылык кыйынчылыктан улам ачкачылык менен бетме – бет келүүдө»,- деди.
Түштүк Судан жана Борбордук Африка республикаларындагы акыркы абалдан тынчсызданганын айткан Гутеррес болсо : «Түштүк Суданда жамгыр сезону да башталган бул мезгилде жакынкы учурда тынчтык чөйрөсү түзүлө албаса өлкө ичинде азык – түлүк коопсуздугу боюнча абдан чоң маселе чыгышы мүмкүн»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар